Белгилүү болгондой, ал жердеги мазлумдар диний ишмердүүлүктөрү себептүү күчөтүлгөн абактарга кесилишкен эле. Бирок, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, бул мазлумдар жабык режим шартында кармалышууда. Бул абактагы мазлумдардын жалпы саны – 44. Алардын ичинен 39у ачкачылык жарыялашкан.
Алардын айрым талаптары:
- күчөтүлгөн режимге кесилген бул мазлумдардын жабык режимде кармалышы мыйзамсыз;
- сакалдарга тийишпөө
- маалымат алуучу каражаттар менен камсыздалуу
- дене чыныктыруучу каражаттар менен камсыздалуу, анткени, мазлумдар күнүнө бир гана жолу 1 саатка гана сыртка чыгарылышат
- азык-түлүк жана кийим-кече нормативдерин камсыздоо о.э. тамак-аш бышыруучу каражаттарга урухсат берүү, болбосо, абак тарабынан берилип жаткан тамактар өлбөстүн күнүн көрүү үчүн гана
- мекеме кызматкерлеринин катаал мамилелерин оңдоосу
Бул талаптардын баары жазык аткаруу кодексинин беренелерине дал келет.
Бул талаптар алгач абак жетекчилигине коюлган. Алар эч кандай чара көрүшпөгөн соң, тиешелүү жайларга арыздар жолдонгон. Бирок, абак жетекчилиги ал арыздарды ушул күнгө чейин тиешелүү орундарга жөнөтпөстөн, өз колдорунан ары өткөрбөй кармап келишет.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев