БАЛА СҮЙҮҮГӨ МУКТАЖ
Чоң-кичине балдарыбызга сүйүү жана мээрим көрсөтүү, жүзүнөн сүйүү сүннөт. Расулуллах «салаллаху алейхи ва саллам” үйүнө келген кичине балдарды өөп, башын сылап, үй ичинде ойноолоруна уруксат берчү. Анас бин Малик хазреттери айтат:
Расулуллах балдарга карата адамдардын эң мээримдүүсү эле. Уулу Ибрахимдин сүт энеси Мединанын бир четинде турчу. Аялдын күйөөсү темирчи эле. Расулуллах менен бирге бул үйгө тез-тез барып турчубуз. Барганда темирчинин түтүнгө толгон үйүнө кирип, баланы кучактап, сүйүп, бир канча убакыттан кийин кайтчу. Бир небереси жана өз уулу Ибрахим көз жумганда ыйлап: «Мээримимен ыйлап жатам. Аллаху таала бир гана мээримдүү болгонго рахмет кылат”, - деп айт