Кээде катуу, кээде орой сүйлөсөм,
Кечиргиле, капа кылып мен жүрсөм!
Кам сүт эмген, бир пендемин себеби,
Көңүлүм ак, таза сезим жүрөктөн!
Көрбөй калып, же байкабай баратсам,
Көңүлгө алып, капаланба жакшы адам.
Көкүрөктө ак тилегим, ар дайым,
Күмөн санап, ар ойдо болуп калбасаң.
Иштер менен мен өзүмчө жүргөндө,
Илбериңки, кабагымды түйгөндө...
Көңүл бөлүп , сурабасам абалды,
Ишен, тууган, оюмдасың жүрөктө...
Достор, кээде сурабасам абалды,
Таарынбагын, билесиң го санаамды...
Мен жоголуп, түйшүк тартып калганда,
Алып койгун, сурап көңүл, кабарды...
АВТОР :ТЕМИРОВА НАЗГУЛ.