Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Алтын казган ишкана баалуу металл бар жердин аянтын жасалма төмөндөтүп отчет берген.
БИШКЕК, 2-мар. —Sputnik. Чаткал районундагы алтын кенинде иштеген "Фонта" ишканасы 203 килограмм алтынды жашырып койгон фактысы аныкталганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, алтын казуу иштери "Сулу-Тегерек" жана "Куру-Тегерек" кендеринде жүргүзүлүп, ишкана өз отчетунда тоо кени 1317,4 миң чарчы метрди түзөрүн белгилеген.
Текшерүү маалында "Куру-Тегерек" кен жатагынын алтын бар аймагынын аянты 2255 миң чарчы метрди түзгөнү белгилүү болгон. Аталган ишкананын кен аянтын жасалма 1000 чарчы метрге төмөндөткөнүнөн улам 203,5 килограмм алтынды жашырып койгону аныкталды.