Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Эки болмолуу батир ичи туштон кийин тике тийген кун нуруна талыкшып уп. Анкып ачылган сирендин жыты машинелердин тутунуно аралашып, аран соккон жел менен кошо чон ачылган терезеден сызылып кирип жатты. Сырттагы кошуналардын угулуп-угулбаган сейрек кубур-шыбыры, сааттын чыкылдаганы эле болбосо, Тамара эженин тынч эс алуусун эч ким бузгудай эмес. Чон болмого кирип, шашпай жаздыкты ондоп жолонуп Тамара эже ырахаттануу менен кожойкелерге арналган журналын ачты. Белгилеген жерин да тапты. Мына, романтикага бай эки ашыктын суйуусунун баяны. Ичинен бир жылмайып алып токтогон жеринен сезимдер дуйносуно сунгуп кирип кетти...