АЛАКАНДАГЫ КҮН
2- БӨЛҮМ
Клубдун ичи жык, орун жетпей калгандар керегенин эки тарабына кысылышып туруп алышкан. Мынча элдин деми оңойбу, эки каалга тен анырайып ачык турса да аба жетишпегендей, отургандарды алка-шалка тер басып, бет аарчысы барлары улам чеке-Моюндарын сүртүнүп, колуна гезит кармай келгендери анысын желпүүр ордуна урунушканы менен баары бир үп. Киного кызыккан көпчүлүк ага да кайыл, көздөрүн экранга кадап, демейдеги кобур-собурлан, бирин-бири тыйып кыйкырып жиберме адаттан дайын жок.
Жанаша отурушкан Ырыстай менен Кызыккыздын да бүткүл дити экранда. Андагы жигиттин ашык болгон кызына жете албай тартқан азаптарына ар кимиси өз алдынча бушайман. «Эми эмне болоор экен?» деген
ү