Апам неге эл кийгенди кийбеди
Аяйбы же кемитем деп дүйнөнү
Алдасатып оору тооруп ансызда
Аянычтуу мындай өмүр сүргөнү.
Апекем ай сыр кылдыңбы ичиңе
Жетилсин деп балам дагы кичине
Же түшүнбөй акылы кем боз балаң
Маани бердим бүгүн кийген киймиңе
Кечир апа бүгүн сени ойлодум
Тоңгон кезде сен жылыткан колдорум
Мейли дүйнө мени сенден айрысын
Бирок сени жоготуудан коркомун
Каз өрдөгү чардабаган көлдөр бар
Кай бирөөнө караан болгон эне зар
Калсын дүйнө каралбаса көр оокат
Кана апаке сенден кымбат эмнем бар
31. 01. 2018. 02:16
БУЛ ЖАЛГАН
Ак, карасы аралашкан бул жалган,
Аныгында кимге бакыт, кимге арман!?
Кээси түптүз жолдо өтсө бир өмүр,
Кээси өтөт нечен тоскоол, сындардан.
Кээ бирөөлөр түгөйүнө жарашып,
Кечет өмүр бакыт менен жанашып.
Кээ бирөөлөр издеп таппай жылуулук,
Кем бакыттан тагдыр буйтап адашып.
Турмуш кызык өйдө-ылдыйы менен дейт,
Тагдыр, жазуу маңдайдагы ченем дейт.
Багы тайкы канча бийик болсо да,
Бактылуудан багы төмөн...теңелбейт.
Автор ЗАМИРА ЖАНТАЕВА
1-июнь. 2017-жыл.