БИР АЯЛДЫН ЖОЛДОШУНА КАТЫ ****************************************
Жаным,мен сиз менен өткөргөн ар бир учурду,убакытты баалаймын! Ак никебизди таза аппак бойдон сактагым келет! Адал жар,мээримдүү эне,бактылуу аял милдетин аткарганга аракет кылам. Сиз мени түшүнүшүңүздү каалайм.Жүзүмө шаң таруулашыңызды каалайм. Бирок,акыркы мезгилде чарчадым. Сизге баарын сөз менен жеткизгим келет. Эмнеден баштаганды да билбейм. Мен үй-бүлө кураарда сизге турмушка чыктым.Сиздин сөзүңүзгө кулак салып,өз каалоомду да унутпаймын деп ойлодум.Бирок менин каалоолорум жүрөгүмдүн түпкүрүндө үнсүз калгандай сезилип жатат. Ар бир жасаган ишиме алкыш уккум келет. Эмгегим бааланбай жаткандай сезилет. Кееде "мени жакшы