ТАБИЯТ СЫРЛАРЫ...
Бул аял келбетиндеги гүл, 20 жылда бир гана жолу гүлдөйт. Нарипол (Nareepol) же Нарилата (Narilatha) дарагынын гүлү. Нарипол (нари-аял, пол-дарак деген сөздү билдирет) Тайланда, Индияда, Гималайда өсөт.
АСАН - ҮСӨН
Ал кез эсте экөөбүз жолугушкан,
Жайлоо көрктүү...Асан-Усон түшүп турган.
Жашообузда берсе экен деп, эгиздерди,
Жаштык, үмүт, сүйүү менен тилек кылган.
Ал кез эсте...жашыл, кызыл, сапсары Асан-Үсөн,
Түркүн түскө айлананы бөлөп турган...
Колдосун деп кол кармашып , сүйүүбүздү
Жүз чайган кез, нурларына Асан-Үсөн.
Жазда келет кайталап, мезгил ырдап,
Асан-Үсөн чарчабайт, нурун ыргап.
Жаштыгыбыз өтүптүр балдарына,
Асан-Үсөн эгиз берди, уул-кызга.
- Кош бол, дедим. Асан-Үсөн нурларына,
"Жап-жаш бойдон жаша "-дейт, жаштык берем.
Карылыкка жол алып бара жаттым...
Алыстадым, жаштыгымдан кол булгалап.
Асан -Үсөн жергемден кетпе алыстап,
Нурларың төк, жаштар өсөт, муун улап.
Нар
АЛАСТАЙЫН, ЭЛИМДИ ! -Алас ! Алас!Алас! Ар балээден калас! Аластайын, ысырыктап элимди. Алдастаткан аты жаман тумоодон сакта! Ала - Тообуз,суусу,дары чобу бар. Айтып буткус"бейиш"деген...