Учакта бир бай киши жанындагы.
Сулуу кызга, акырын жакындады.
Сүйлөшкөнчө кетели, жол алыс деп.
Эки көзү ойноктоп, жалындады.
Анда сизге бир суроо беремин дейт.
Жообуну айтсаңыз көрөмүн дейт.
Туура чыкса, алтындай убактымды.
Сүйлөшкөнгө сиз менен бөлөмүн дейт.
Анда киши, жеңдерин түрүп калат.
Бир сурообу? ыя деп кылыктанат.
Окуу жайды бүткөнмүн, билимдүүмүн.
Кана бер деп, каткырып күлүп алат.
Кыз да анда даярдан кармашка дейт.
Жооп таба албасаң, жармашпа дейт.
Жылкы, кой, уй бир чөптү жесе дагы.
Эмне үчүн боктору ар башка дейт?
Кызык эле суроо го, билбесем дейт.
Өзүң айтчы жообун, сүйлөсөң дейт.
Анда ал кыз, бокту да билбесеңиз.
Сиз менен мен, эмнени сүйлөшөм дейт.