Күйөөсү сырттан келип эле, аялына бүгүн кечке эмне кылдың, кечке үйдөсүң дей берет экен. Аялы бир күнү күйөөсүн жөнөтүп коюп, колуна китепти алып, эч нерсеге карабастан уктоочу бөлмөгө кирип, күйөөсү келгенче эч нерсе кылбастан китеп окуп олтура берет. Адаттагыдай эле күйөөсү келип, таң калат. Бул эмне? Үй жыйылган эмес, идиш жуулган эмес, балдардын кийим башы алмаштырылган эмес, эмне болду?- деген суроону берип, уктоочу бөлмөгө кирсе, аялы китеп окуп олтурган болот. Булар эмне деп сураганда, билбейм эмне экен? Жүрчү чогу көрөлү деп, чогу чыгышып баарын бирме бир көрүп чыгышат. Ошондо аялы мына көрдүңбү, күндө келип үйдө бекерчисиң, эмне иш кылдын дейсиң. "Мына бүгүн эч нерсе кылган жокмун"-