Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
2017-жылы, июлдун 22си 48 жашында автокырсыктан каза болгон агам бир боорум Маматов Улукбек Райымбердиевичтин жаркын элесине арналат. Көзү тирүү болгондо, бүгүн 51 жашка толмок...
Жаркылдаган жалындагын жан элең, Жаратканым жарык өмүр аз берген. Жаным агам шашып кеттиң неге сен, Тиги дүйнөң бейиш болсун бир боорум.
Бир боорлоруң жоктоп сени ыйлады, Куса болуп сагынычтан кыйналды. Бир болбодук жакшы күндө аттиң ай, Жаткан жериң нурлуу болсун ылайым.