=КАРЫЗ-КҮЛҮП КЕЛИП,ЫЙЛАП КЕТЕТ=
📝 Карыз тууралуу болмокчу:
Бир күнү пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-дубасы болсун) мечитке кирсе, Абу Умама аттуу сахаба олтурган экен. Пайгамбарыбыз анын жанына келип:
– Намаз убактысы кире элек, мечитте эмне кылып отурасың? – деп сурады.
– Карызымды төлөй албай, сарсанаа болуп отурам, деди Абу Умама. Пайгамбарыбыз анын жанына отуруп:
– Сен эрте менен жана кечинде Аллага кайрылып: “Аллахумма, ауузу бика минал хамми вал хузни, ва ауузу бика минал аьжзи вал касал, ва ауузу бика минал жубни вал бухли, ва ауузу бика мин голабатид-дайни ва кахрир рижаал” деп айтып жүргүн – деп үйрөттү.
Бул дубанын мааниси: Оо, Жараткан, санаа жана кайгыдан, алсыздык жана жалк