Биз маани бербеген чайдын чамасынын пайдасы
Кадимки кургатылган чайдын чамасын жаздыктын ичине салып койсо, жаздыктар жыттанбайт тескеринсинче жагымдуу жыт пайда болот.
Ошол эле кургатылган чайдын чамасын дааратканаларга төгүп туруп, от коюп жиберсе, ар кандай жаман жыттардан тез арыласыз.
Чайдын чамасын гүлдүн идишине салып койсо, ал топурактын нымдуулугун көпкө сактап турат. Мындан сырткары бул чаманы семирткич катары пайдаланса болот.
Кышкысын кургатылган чаманы көмүргө аралаштырып жаксаңыз, анын табы көпкө сакталат.
Ар түрдүү айнек идиштерин, күзгүлөрдү, терезелер кирдеп калган учурда чайдын чамасы кошулган суу менен сүртсө бат тазарат.
Эгерде жыттанып калган идиш-аяктарды чайдын чама