ЖАРКЫРАК ЖЫЛДЫЗ ЖҮРӨГҮМ ЭЗДИҢ
Айжан асыл жан эле.
Бир комнатада чогуу жашап, бир нанды чогуу бөлүп жеп, студенттик доорду бирге сүрдүк.
Жаркылдап күлүп, узун чачы, аппак жүзү, келишимдүү сулуу кыз бойдон, жүрөгүмдө калды.
Себеби телефондон сүйлөшүп, видео аркылуу сүйлөшүп, жанынан көрбөй калдым...35 жыл өттү.
Ичинде кири жок, кең пейил мүнөзү менен, эсимде калды.
Айжан Токтогулдун Өзгөрүш айылынан, Асан Ыссык - Көлдүн Бөкөнбаев айылынан.
Экөө кыз жигит болуп, сүйлөшүп жүрүп, Шадринск шаарында үйлөнүшкөн.
Жаркылдаган өздөрүнө окшош төрт балалуу болушту.
29 - март 2019 жыл түнкү саат 11/30 оорудан улам узап кетти.
Аттиң арман. Арман дүйнө. Балдардын жакшылыктарын көрүп, чайын ичэрде.