Аз өмүрдү жүрөлү бош өткөрбөй
Агылылып дүйнөм түгөп баратса да,
Түн кирип жарык күнүм батса да.
Акыретти ойлобостон ойноп күлүп,
Алдымда кабыр күтүп жатса да.
Кадам таштап кандай жолдо баратам,
Кабары жок багымдатсыз таң аткан.
Оордук кылып беш мүнөттүк намаз,
Кантээр экем эртең келсе жаназам.
Белгисиз өмүр суум канча калды,
Келечегим коркунучтуу кооптуу.
Кокустан жаным чыгып кетсе эгер,
Жаратканга кантип берем жоопту.
Жашоом жетер бир күн маарасына,
Ал жактан кайтуу болбойт артына.
Толгон токой күнөөнү жүктөп алып,
Кантип барам жараткандын астына.
Адам болуп адамдыктан өзгөрбөй,
Кала электе бул дүйнөнү көз көрбөй.
Ибадат кылып көп сооп жыйнайлы,
Дуа саждадан башты э