Ойлонуп ойго батам сезим менен,
Отуруп ыр жазамын сага деген.
Ооруду жүрөгүм ай сени эңсеп,
Ойлосом көрсө жашоо татаал экен.
Жан биргем боло албадың мени менен,
Жанымда жүргөнүңдү эстей берем.
Жагымдуу жылмайганың унута албай,
Жан дүйнөм ойго батат мынча терең.
Сооротом унуттум деп өзүмдү алдай,
Соолуймун акылыма мен тил албай.
Солкулдак гүлдөй кезиң текке кетпей,
Соо бойдон жүрсөң экен сен адашпай.
Сагынып куса болом көрүшө албай,
Санаамдан сени такыр өчүрө албай.
Сандаган жылдар өтүп биз көрүшсөк,
Сыр бербей өтмөктүрсүң сен карабай.
Арадан жылдар өттү, айлар кетти,
Анда да сендик сезим эскирбеди.
Ал учур ошол бойдон көз алдымда,
Ардагым деген сөзүң эсиңдеби.
Кыйындап махабаттын сезимдер