Рахмат сага, АПА!
Мени таштап кетпегенин үчүн!
Жетим бала кылбаганың үчүн!
Акылыңдан адашпай,
Тамеки да тартпаганың үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Жаман жолго түшпөгөнүң үчүн!
Адал эмгек издегениң үчүн!
Балаңды ойлоп болочок,
Ичкилик ичип кетпегениң үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Мага барын алып бергениң үчүн!
Мүнөзүмдү көтөргөнүң үчүн!
Он эки мүчөмдү соо кылып,
Дүйнөгө алып келгениң үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Күнөө кылсам кечиргениң үчүн!
Оордук кылсам кечиргениң үчүн!
Оорутпай мени аман-соо,
Адам кылып өстүргөнүң үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Сенин ар бир ыйлаганың үчүн!
Жоктон барды кураганың үчүн!
Бактысы үчүн балаңдын,
Бардыгына чыдаганың үчүн!
Рахмат сага, АПА!
Арсыз ишке б