Пияз бут ооруну айыктырып, помидордун түшүмдүүлүгүн арттырат
Кадимки биз күн сайын колдонгон пияздын пайдалуу жактары туурасында айтып отурсак түгөнбөйт. Мына ушул пияздын өзү эле эмес, анын кабыгы да адам баласы үчүн абдан керектүү экен. Пияз кабыгынын тундурмасы жүрөк кан тамыр оорусунун алдын алып, ашказан-ичегиге да жагымдуу таасири бар. Пияздын кабыгын кайнатып ичсе, ал стресске каршы жакшы жардам берет. Мына ушул пияз кабыгынын 7 керемети тууралуу айтып берели.
1. Курч кармаган бронхит оорусунда пияз кабыгынын жардамы чоң. Бир стакан пияз кабыгына кайнак суу куюп, 15 мүнөткө тыныктырат, андан кийин марлиден сыгып алат. Мындан компресс жасап күнүнө 3 жолу 30 мүнөттөн көкүрөккө компре