Садыр Жапаров: 100 млн доллар сунушташкан.
Жай мезгили. Ооруканада жатсам, Саруу айылынын жаштары келишти. “Кумтөрдү» мамлекетке алабыз” деп жол тосуп жүрүшкөн эле. – «Кумтөр» боюнча толук маалымат алалы деп келдик, айтып бериңизчи, - дешти. Баарын айтып бердим. Кетээринде жакшы эле айттым.
- Балдар, силерге канадалыктар пара сунушташат. Абайлагыла, байлыкка азгырылып кетпей, таза болгула. Мына, мага да 100 млн доллар сунушташкан, азгырылган жокмун. Тузактарына түшпөдүм. Талкаланган мөңгүлөрдү, Нарын суусуна агылып кирип жаткан цианидди өз көзүнөр менен көрүп келипсиңер. Анын баарын эл ичип жатат. Эми бекем туруп, аягына чыккыла, - деп жылуу узаттым. Бирок, кийин ал балдар бийлик менен ти
«Кыргызстандын ар бир жараны, алтын табактан күмүш кашык менен тамак ичиш керек»!
— Саламатсызбы Садыр Нуркожоевич ! Сизге Obon.kg сайтынан бир нече суроолорубуз менен кайрылып жатабыз.
— Сизди 25-мартта Кыргызстанга келет деген сөздөр чынбы?
— Ооба, чын. Кудай буюрса 25-март күнү Кыргызстанда болом.
— Жакында эле ММКлардан Садыр Жапаровко бийликтегилер жаңы иш даярдап жатыптыр, 2013-жылы Каптагаевди барымтага алгандардын артында сизди турган дегизип, камакта олтурган балдардан илгерки күндөр менен зордоп көрсөтмө алышыптыр деген маалыматтар чыкты эле. Сизге чындап эле иш козгоп койсо, коркуп келбей койбойсузбу?
— Кыргызда жакшы сөз бар. «Айтылган сөз, атылган ок» дейт.
Анын сыңарындай