Дене табын кантип түшүрүүгө болот?
Баланын кокустан ооруп калышы, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу оорулар айыкканга чейин бир топ түйшүктү жаратышы ыктымал. Балаңыздын дене табы көтөрүлүп, жогорку даражаны көрсөтсө дароо көзөмөлдөө жүргүзүү кажет. Бир жашка чейинки балдардын дене табы туруктуу болбой өзгөрүлүп турат. Дене табынын көтөрүлүшү ич өткөктө, суук тийүүгө, ангинага, жугуштуу ооруларга, тиш жарганга, аллергияга, күн өткөндө жана башкаларга байланыштуу болот.
Дене табы кантип өлчөнөт?
Кулак, тил асты, жамбашы жана колтук дене табын өлчөөчү жерлер. Колтук алдындагы температура башка дене бөлүктөрүнө караганда 0,5ºC даражага ылдый көрсөтөт. 2-2,5 жаштан кичине балдарга тилине салып