"МЕН СИЗДИ ТАПТЫМ"
Ордумдан туруп, көзүмдү ушалап дароо эле терезеге бардым. Сыртта нөшөрлөп жаан төгүп жаткан экен. Бети колумду жууп, бир чыны чай ичип жумушка жөнөдүм. Жаздын суугу жандан өтөт деген туура айтылган сөз. Жаздын апрель айы болсо да кышындагыдай суук. Кол чатырымды алып жолдогу чөйчөктөй болгон балчыктарды аралап, биринен аттап, биринен буйтап аялдаманы карай шашып бараттым. Ичимден өзүмдү жемелеп, уйкунун айынан дайыма иштен кеч каласың деп аялдамага жетип эле автобус келчү тарапты карадым. Бүгүн дем алыш күн болгондуктан демейде 15 20 кишиден кем эмес болгон аялдамада мен жана бир кыз эле турабыз. Күндөгүдөй ары бери өткөн унаалар да бүгүн аз. Улам кол саатына карап, кайр