Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
ТУУЛГАН ЖЕРДИ САГЫНУУ. Айлымда Шырдакбектин коргону бар, Ал минген боз жоргонун жолдору бар. Жетпеген хан атанын кадырына, Эркеайымдай аялдын шорлору бар. Кылымдарды карыткан чаптары бар, Калпа атанын калтырган бактары бар. Касиетинден кагылайын тууган жерим, Дастан жазса тугонбос жактары бар. Бабалардын басып откон издери бар, Байыркыны сактаган изги эли бар. Турпагындан кагылайын тууган жерим, Туу тутунган сагынган биздери бар.