Бала оорусу тууралуу өзү белги берет
Кичинекей бала кайсы жери ооруп жатканын айта албайт. Балага жардам берүү үчүн аны эмне тынчсыздандырып жатканын өзүңүз баамдап билүүгө тийишсиз. Ал үчүн бала берген белгилерге жакшылап маани бериңиз.
Бутун көтөрүп ыйласа…
Курсагы ток, алды кургак болсо да, бала тынчсызданып тынымсыз ыйлай берет. Ыйлаганда бутун көтөрүп ичине жакындатууга аракет кылат.
Бул эмненин белгиси? Бул, албетте, ич көбүүнүн белгиси. Ич көбүү адатта 2-3 жумалык куракта башталып, 3 айга чейин боло берүүчү көрүнүш. Анын себеби - эмчек эмизген эненин туура эмес тамактарды жеп алышы. Мисалы, уйдун сүтү, кара нан, таттуулар, буурчак өсүмдүктөрү сыяктуу азыктар баланын ичинин көбү
АЙЫМДАРДЫН МУНОЗУ ТУУЛГАН АЙЫНА ЖАРАША ...
Жакшы аялга үйлөнүү - ар бир эркектин кыялы. Антсе да көпчүлүк эркектер сүйүүдө көзү сокур болуп үй-бүлө курууда аял тандоо жагынан жаңылып калышат. Бирок кылдат кароо менен өмүрлөш болчу айымдын туулган айына маани берип анын кыял-жоругун билип алганга да болот.
Январь.
Бул айда төрөлгөн аялдар турмуштун оош кыйыштарына чыдамдуу жана токтоо болушат. Ошол эле учурда мырзалардыкындай туруктуу сапатка ээ. Алар ичиндеги сырын ачык айтып бирөө менен бөлүшө бергенди жактырышпайт. Көйгөйлөрүн эч кимге билдирбей, өздөрү чечүүнү туура көрүшөт. Январь айында төрөлгөн аялдар тамакты түрлөп жасоого шыктуу болгону менен үй жыйнаганды көп жактыра беришпейт.