БОЛЬШОЙ БРАТ! Сиздер көрүп турган жигит Бектемир Бешбаев. 12 жыл дегенде кайрадан көрүштүк.
Бектемир экөөбүз бир факультетте чогу окуп , ошондон жакшы достор болуп калганбыз. Менден бир курс өйдө окуган. Андыктан Бектемир мага акыл насаатын айтканга толук укуктуу эле. Мага бир тууганындай мамиле жасап, өзгөлөрдөн башкача акыл үйрөтөөр эле. Ошондон улам Большой брат аталып калган мен үчүн. Ар дайым "чындык" деп,жүргөн,эмгекчил мыкты инсан. Өтө намыскөй жигит. Экөөбүз Универде факультеттер аралык волейбол мелдешинде Эконом фактын абройун 3 жыл катары менен эч кимге берген эмеспиз. Эң кызыгы факультеттер аралык оюнда волейбол ойногонду билген баланы таппай,эптеп 4 бала таап поляны толтуру
Ошентип шеф Канатттын дагы туулган күнү өттү. Өтө жогорку деңгээлде. Ооз ачаардан соң ырдап баштаганбыз,бир карасак кызуу кандуулукка алдырып,саясат менен алек болуп жаттык. Олтургандардын бүт бардыгы саясатчы болуп кетти заматта.
Эми кыскасын айтайын. Канат досубузду куттуктап Кыргыз эстрада жылдыздары Мурат Ниматов,Төлөгөн Мамыров, Улакчынын кызынын подружкасынын сүйгөнү Алтынбек Борошовдор келип ырдап беришсе,журналистер Болот Абдыжапаров,Улан Бакиров дагы 2 жаш журналист инилери жакшы каалоо тилектерин айтып кетишти. Бардыгы ойдогудай!
Кыскасы шефтин туулган күнү зыңк болду!