Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
5 жашар баладан: - Карындашың үчүн кан тапшырасынбы? - Анын жашашын каалайсыңбы? - деп сураганда, ал көп ойлонбостон "Тапшырамын" деди. - Анын 2 жашар карындашы өлүм төшөгүндө жаткан. - Аны тез арада операция кылуу керек болчу. - Ал үчүн ага өз акесинин каны керек эле .. - Дарыгерлер баладан кан алгандан сон бала жай гана, коркуп: - Мен канча мүнөттөн кийин өлөмүн ?! - деди .. - Ал кан тапшырсам өлөмүн деп ойлогон болчу, бирок ал карындашы үчүн өлумгө да даяр болгон эле...
Жаңы класс жетекчи бешинчи класстын окуучуларына алгачкы сабагын берип баштайт. Ал ушул сабагында өмүрүндө биринчи жолу жалган айтат. Жалганы эле ушул, “мен баарыңарды бирдей жакшы көрөм!” деп балдардын көңүлүн алганы. Тээ арт тараптагы партада ар убак ойго баткан, түнт, эч кимге сүйлөгүсү келбеген Жоомарт аттуу окуучу олтураар эле. Мугалим бир жыл бою ал балага көз салып жүрдү. Башка балдар менен ойнобогон, кийимдери кир жана өзү да көптөн бери жуунбай жүргөнүн баланы мугалим астыртан байкап жүрө берди. Дайыма аны көргөндө үмүтсүз, бактысыз бир баланы көргөндөй боло берчү... Бир күнү класс жетекчи балдардын делосун толтуруп жатып, Жоомарттын делосун өзүнчө бөлүп алып коёт. Кезек анын делосу