КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ СИЛЕР, ОРУСТАР БЕРЕСИҢЕР
Юрий Бобков байкенин бир топ жыл мурун Николай деген агасы катуу ооруп, кайтыш болуп, кыргызча салт, жөрөлгөлөрү менен узатышыптыр.
Кеп анда эмес... Агасы дартка чалдыгып, кыймылдабай калганда, Москвада жашаган бир тууганына кабарлайын деп чалса, тигил:
-Кыйналбай, карылар үйүнө берип салгыла да,- деген экен.
Ошондо, биздин Юра агабыз ачуусу менен:
- Каарылар үйүнө силер, орустар бересиңер. Биз кыргыздар тууганыбызды таштабайбыз ,- деп телефонду таштап салыптыр.
14 жыл оорукчан агасын багыптыр.
Кыргыз эли он кылымдан ашык ислам дининде озоктуу улут катары тарбияланып келген нарк насылдуу коронголуу эл.
Кыргыздарды орустар басып алганга чейин бир да