😊Билбей туруп эч качан чечим чыгарба.
✍🏻Кыштын аяздуу күндөрүнүн биринде, үйгө баратып алдымда мас болуп келаткан адамды көрдүм. Жолдо келатып, бир оңго, бир солго чыгып жатты.
Башка жакты карамыш болуп, ага көз салып келаттым.
Отуз жаштын тегерегинде үстү-башы таза эле адам экен.
Жанынан өткөн адамдар жаман көзү менен карап, айрымдары арак ичүүнүн жаман экенин катуу үн менен айтып жатышты. Жанына жеткенимде, жакшы элесизби деп сурадым.
Оозу титиреп, бир эле сөздү айтууга жарады, “оорулуумун”…!
Жыгылбашы үчүн белинен таяп, такси карадым. Кыш болгондуктан, такси да жок эле. Аңгыча алысыраактан бир такси көрүнө калды. Аны чакырып, абалды түшүндүрүп, ооруканага жөнөдүк.
Дарыгерлер оору