Кызга тилек.
Келечекке таза кадам ташта кызым,
Жакшы жолго жашооңду башта кызым.
Ак көйнөктөй аруу таза келин болуп,
Кайын журтуң каадырлап баркта кызым.
Үйгө келген кезиңде конок болуп
Үйдө болгон гепти ташып айтпа кызым.
Кайненеңди сыйлап ал жандай көрүп,
Кайнатаңды сыйлап жүр хандай көрүп,
Кошкон жарга жарашып кошо кары,
Кабак салба эч убак маңдай келип.
Сылык сүйлөп сыйыңды тартуулагын,
Келген конок жибисин балдай эрип.
Кайнежеңе бой тартып сырдаш болгун,
Кайын сиңди жакының курдаш болгун.
Кол кармашып бир болчу жолдошуңдан,
Сөз талашпай оюна бир баш болгун.
Түшкөн жериң отуу өчпөй очогунан,
Түшкөн таштай оордуңдан жылбас болгун.