Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Аллахтын Элчиси С А В жаш Зайд ибн Сабитке р а ал жатка билген сүрөлөрүнүн айрымдарын окутуп укту. Көрсө бул балада сөзгө чечендик сыпаттын да белгилери бар экен. Ошондой эле анын сөздөрү тактыгы жана ачыктыгы менен өзгөчөлөнүп тураары байкалды... Анын назик эриндеринен куюлган Курандын ыйык аяттары кара баркутка төгүлгөн аппак жылдыздардай даана, жылаадыңдай шыңгыр, шоолалардай жарык болуп жанга жагымдуу угулары билинди. Мындан сырткары анын кырааты ушунчалык уккулуктуу жана суктанарлык көркөм элн. Анын эриндеринен чыккан ар бир аят адамдын жүрөк кылдарынын ар бирин чертип өткөнсүп, инсандын сезүү органдарынан өтүп барып