Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Курбум экөөбүз теледен бир проктологдун жарнамасын көрүп калып, ага барган элек. Текшергенден кийин “силердики геморрой экен. Лазер менен жок кылуу керек. Акысы 4-5 миң сом” деди. Бизден кийин кирген келин да сүйлөнүп чыкканынан сурасак, ага да дал эле бизге айткандай айтыптыр. Биздин анча акчабыз болбогондон кийин Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнө кайрылдык эле, лазер-мазери жок, жөнөкөй дары-дармек менен 2-3 аптада айыктырып коюшту. Ошондон улам тиги проктолог акча үчүн баргандардын баарына “лазер менен дарылаш керек” дей берет окшойт деп калдык. Ушинтип элди алдаса боло береби?