Жаңгактын дарылык пайдасы миң дартка даба…
«Азык болгондон тышкары миң түркүн ооруларга даба болуп келе жаткан жаңгактын касиети эмнеде?” деген суроо жаралбай койбойт. Буга окумуштуулар «касиети андагы эң пайдалуу заттарда” деп түшүндүрүшөт. Изилдөөлөрдө жаңгактын данында, май, белок, йод, калий, магний, темир, күкүрт, жез, кобальт, цинк жана витаминдерден: В, В6, В2, А, С, К бар экени тастыкталган. Булардан тышкары амин кислоталарынын топтомдору да бар. Организмге таасири. Жогоруда айтылгандай жаңгактын тандалма курамы адамдын иммунитетинин көтөрүлүшүнө, денеден оор металлдардын (стронций, коргошун ж.б.) чыгышына, организмдин радиацияга каршылыгынын жогорулашына салым кошот. Ошондой эл