МЕН СҮЙҮҮМДҮ СЕНДЕН АЛЫП КЕТЕЙИН
Өрттөнүп көңүл агызып жашын каректер,
Өчөбү эмне, биздеги таза үмүттөр.
Өксүгөн жандай муң жуттук неге жаркыным,
Табышпайт эми жүрөктөгү даректер...
Коштошуп жатып чиймелеп жолдун чыйырын,
Сүйүүң ак беле айтчы сен төгүн чыныгын.
Тоготпой тепсеп кеттиң го мендик сүйүүнү,
Терип мен жүрөм темселеп сезим сыныгын.
Биздик сүйүү байланбасын тагдырга,
Унутулуп кетсин ошол мүнөттөр.
Биздик сүйүү эскерилсин жамгырда,
Сокпойт эми биз деп такыр жүрөктөр.
Сүйүүм урап, сезимиме чаң жугуп,
турса дагы сага бакыт тилейин.
Өгөйлөнгөн жүрөгүмдү кучактап,
Мен сүйүүмдү сенден алып кетейин.
Жат сезимди кучактадың мейличи,
Мен сүйүүмдү сенден алып кетейин...
(А) Манас уулу Ты