"САГЫНЫЧ"
Апакемди озгочо сагынамын,
Айла жоктон жаратканга багынамын.
Кусалыгым ашынып кеткен кезде,
Апам тиккен белдемчини тагынамын.
♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡
Апакемди озгочо сагынамын,
Жаратканга ар убак жалынамын.
Бейиш жайдан оорун алсын апакем деп,
Куран окуп,дуба кылып кайрыламын.
♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡
Апакемди озгочо сагынамын,
Бирге тушкон суроттон табыламын.
Уй жакта эле жургондой элестетип.
Шопок жакка баргым келип агыламын,
♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡
Апакемди озгочо сагынамын,
Колдорунан жыттаганга зарыламын.
Ичим куйуп орттонуп кетет менин,
Өмурунун аздыгына таарынамын.
♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡
Апакемди озгочо сагынамын,
Кусалыктан баса албай чалынамын.
Айткан акыл караанын кубат эле,
Апакем ай кар