*САДАКАНЫ ТУУГАНДАРЫҢДАН БАШТА*
● Салман ибну Аамир, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтканын уктум: *«Кедейге берилген садакага садаканын сообу берилет. Ал эми тууганга берилген садакага эки эсе сооп берилет: садаканын жана туугандык катнашты бекемдөөнүн».* | Тирмизи, 658
● Анас ибну Малик, радыяллаху анху, айтат:
«Абу Талха Мадинадагы ансарлардын арасынан курма багы көп эң бай адамдардан болгон. Ага байлыктарынын арасынан эң жагымдуусу Байруха деген курма багы болгон. Ал курма багы пайгамбардын ﷺ мечитине бет маңдай жайгашкан. Пайгамбар ﷺ кээде ал курма бакка кирип, таза суусунан ичип турчу эле. Анас, радыяллаху анху, айтты: «Качан гана Аллахтын: «Силер өзүң