Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Укугу тепселенген Алсыз жан аялдардын Ким угат көкүрөктө Уюган армандарын Эрим деп эркелебей Балам деп жетелебей Жесирлик күнүн кечип Бактысыз калгандарын!
Бир эркек набыт болуп Томсоруп келин калды Кам көргөн атасы жок Балдары жетим калды Кайышып кабыргасы Куюлуп көздөн жашы Калаксыз кайык сымаал Кайгырып жесир калды!
Күйөөдөн ажырашкан Аялдар миндеп жүрөт Таалайым таппадым деп Ичинде илдет жүрөт Бир ыйлап бирде күлөт Балам деп өмүр сүрөт Бактысын үмүт кылып Башкадан издеп жүрөт!
Качанкы күнгө чейин Жесирлик суусун кечет Көксөгөн назик жандын Көксөөсүн кимдер сезет Коркушуп кээ бир эркек Көп аял албайм дешет Көңүлдү сен бурбасаң Көйгөйдү кимдер чечет!