Жашоо өзү бир чооң кеме.
Мезгил барат нугун бурбай.
Махабаттың чексиз жылдай.
Менчик сүйүүң аппак ак таңдай.
Менсиз энем жатпайт эле,
Мээриминен кайтпайт эне.
Махабаты чексиз алламдай.
Түркүн түстүү ойлор менен,
Түгөнбөгөн түйшүк менен.
Түбү түптүү ойлор менен,
Төрөп бактыз бизди апаке.
Жакшы жашоого үмүт байлап.
Жаштыгымдан күйүп кайнап.
Жашоо үчүн күрөш тандап,
Жашап өттүк баарын апаке.
Келечекке үмүт байлап.
Келер күндү күтүп жайнап.
Кең дүйнөнүн агымында .
Келечекти жаратабыз биз.
Турпатым бар көп чоң эмес.
Турмуш кеме, мен бир элес.
Тагдыр атчу, мен бир жебе.
Тагдырымды өзгөртө албай.
Таалайымдан көрдүм эне.
Туугандарды кудай берген.
Турмушун да улай билген.
Тыңгылыктуу узак жаш
Тышым жалын, ичим чок.
Кебездей, кээң дүйнөм да тар болду.
Келечек барган сайын суз болуп.
Байкабай бал тилиңе арбалып.
Баратам алыс жолдо чайналып.
Билип кой, келечекке үмүт чоң.
Баркталбай калганыма ичим чок.
Багымды ашчу адам таба албай.
Баратам тышым жалын ичим чок.
Көңүлдү түшүнүүчү адам жок.
Көңүлүм эч ким менен иши жок.
Карайлап калбайын деп жашоодо.
Күлсөм дагы, жөндөп айтар сөзүм жок.
Автор Сүйүтбеков Б
Кызыл алма.
Кызыл алма, кызыл алма.
Кыялымды буздун анда.
Көркүңө да суктанып мен.
Кала берем күндө сага.
Күндө көрөм кызыл алма,
Кол сунамын жетпей сага.
Кокучума бир күн толор,
Күнү жетип бышып анда.
Кызыл алма арзуум сага,
Кыялымда болчусуң муурда.
Көз албастан карай берем.
Колдорума толчу гана.
Алма алма кызыл алма,
Ашык болдум сага дана.
Арзуу ырым түшүнөсүң.
Аппак болуп гүлдөр маалда.
Бардыгы болбойт бат эле,
Байлыгым болот заты эле.
Балам деп жанын аябай.
Баарына чыдайт ата эне.
Балам деп кирпик какпастан,
Балаадан мурда жатпастан.
Байлыгым сен деп сүйүнүп,
Бетине бырыш дак баскан.
Байлыгым бар баасы жок
бөлөп баккан.
Билбейм канча күн-түн ойго жаткан.
Билбейм кантип актар экем эмгегиңди.
Баладай дагы деле ойноп жатсам.