Алтынбек Сулайманов жарандык милдетин аткарып, Бишкек шаарында добуш берди. Айтымында, бул шайлоо мурдагылардан конкретүү талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү менен өзгөчө.
Мирлан Жеенчороев: Былтыркыдай болуп быйыл Үмүтүбүз өчпөсүн
“Альянс” партиясынын тең төрагасы Мирлан Жеенчороев Көк-Жар конушундагы №1149 шайлоо тилкесине барып добуш берди. Парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында саясий маанилүү өнөктүк экенин айткан талапкер, бүгүн эл өлкөнүн эле эмес, өз келечеги үчүн дагы добуш бере турганын айтты. Ал шайлоонун жыйынтыгы менен бирге мамлекетте чоң өзгөрүүнү жана өнүгүүнү күтүп жатканын кошучалады.
“Маанайым бүгүнкү күндөй жаркырап турат. Бирок согуп жаткан салкын желдей болуп толкунданып жатам. Бул жолку шайлоо таза, ачык-айкын өтүп, эл татыктууларды тандайт деген үмүтүм чоң. Мындан ары өлкө өнүгүүгө карай багыт алат деген ниеттемин. Былтыр шайлоон
Алтынбек Сулайманов жарандык милдетин аткарып, Бишкек шаарында добуш берди. Айтымында, бул шайлоо мурдагылардан конкретүү талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү менен өзгөчө.
“Маанайыбыз эң жакшы. Элибиз туура тандоо жасап, парламенттин жүзүн өзгөртө аларына ишенем”, –деди А.Сулайманов.
Чынар Капарова Бишкек шаарында добуш берди. “Шаарда шайлоочулар активдүү келишүүдө. Шайлоо таза өтөт деп ишенем, бирок ар кандай мыйзам бузуулар болуп жатканы да айтылууда. Таза шайлоо маданиятын калыптандырмайынча таза коом жөнүндө айтуу мүмкүн эмес. Туура тандоо гана мамлекетти өнүктүрүүгө жол ачат. Шайлоо тынч өтөт деп ишенем”,-деди Чынар Капарова.