Бирөө жакшы нерселерди да, жамандыкка жоруп, ал тургай Кумтөрдү улутка кайтарганын, Кыргыздын шору- дейт. Бала кезде, сагызган тынбай сайрап калса, ак сакал кишилер, "жаагың сынгыр, ак сүйлө, ак сүйлө"- деп эмне үчүн айтышарын эми түшүндүм.
Мандат үчүн, маңдай чеке тердеген.
Мамлекетке күйүп жанын бербеген.
Таз жорудай партиялар толтура.
Аттарына заты шайкеш келбеген.
Кыргызстан, Мекеним Кыргызстан.
Республика, Ынтымагы, Чоң Казат.
Атын угуп, жүрөк толкуп кубанса.
Затын билсең, көңүл чөгүп ой басат.
Бириккиле Бир Бол, Ата Мекенге.
Жол ачат дейт, келечекке эртеңге.
Жомогуна ишенип биз отуз жыл.
Жол тазалап иштеп калдык чет элде.
Бүтүнбүз деп бүтүндүккө чакырган.
Бир суроо бар көкүрөктө катылган.
Кыргызстандын бүтүндүгүн кааласа.
Коңшу өлкөгө жерлер неге сатылган.
Кимге кандай, мен тандаган жол ушул.
Каалабаймын жерди кертип жоонушун.
Мекенимдин жаркын келечеги үчүн.
МЕКЕНЧИЛГЕ сенда бергин добушуң.
А,С.
Байкасам балам, бой жеткен убак.
Бой, башын түздөп күзгүдөн турат.
Эсиме түштү жоругун көрүп.
Эселек кезим, эр жеткен курак.
Биздеги сезим, балалык чакта.
Кыз-жигит болуп саялап бакка.
Сүйлөгөн сайын үзүлүп бирден.
Жалбырак калбай ийилген шакта.
Жомоктой азыр андагы кездер.
Жазылган катка, жалындуу кептер.
Белектер берген, эсимде дале.
Баалуусу китеп, калем сап, дептер.
Андагы сулуу, тактыга конуп.
Бактылуу жардыр, салынып жоолук.
Жаштыктын салып, элесин кызы.
Чоңойсо керек өзүндөй болуп.
Сырымды айттым көөдөндө уюп.
Түпкүрдө калган, калдыгын суруп.
Ким билет балким кудасы болом.
Уулума, кызын жараткан буйруп.
А.С
Аска тоо, белес ашканмын кырды.
Арманды, жыргал айтканмын сырды.
Бул жолу сырым башкача болот.
Баштайын анда какшыктап ырды.
Караны ак деп каласаң айтам.
Көмүскө жыйнап, казына басам.
Көрүнүп калса кыңыр иш учу.
Көрсөтүп туруп досторду сатам.
Өзүм бай бирок, көкүрөк жарды.
Өзгөгө бербейм, өзүмдө барды.
Көпчүлүк жанды, заматта алдайм.
Кенен деп айтып, ичке, кууш, тарды.
Жалаа жап жанга, сындырып шагын.
Жететко ага күч кубат алым.
Өзүмдү ойлоп, өзгөнү кордоп.
Өлсөмда кошпой, өлкөгө салым.
Айбыгар балам, арданар жарым.
Акыйкат жакка салынса далым.
Төгүн сөз айтып, мүдөөгө жетем.
Томсортуп туруп дос тууган барын.
Күн келсе бир күн мээнетип кайтар.
Калп айткан жактан "опытым" ашар.
Деги эле
Бир иш жасап, бири баатыр эрмин деп.
Бири сындап, андан өткөн шермин деп.
Байкап көрсөк улуу кичүү баарыбыз.
Сүйлөп калдык Мен Мен Мен Мен Мен Мен деп.
Билип билбей төштү кагып оолуга.
Сүйлөйбүз ээ элден артык болуга.
Чындык ушул мойунга ал сендагы.
Чалдыгыпыз Мен Мен деген ооруга.
Иштен эмес, тилибизден кыйынбыз.
Интернетте ар бирибиз жылдызбыз.
Бабалардын сөзүн жазып бурмалап.
Акылдуубуз, Алыкулбуз, Чыңгызбыз.
Бул жалганда адам болбос адашпас.
Бир чындыкты айтсам эч ким талашпас.
Бул Ааламды жаратуучу турганда.
Мага, сага Мен Мен деген жарашпас.
Бүт Ааламды кыла турган жарык нур.
Жалгыз гана Аллаh десек аныктыр.
Оо Аллахым шыпаа берээр өзүңсүң.
Мен Мен деген дартыбыздан айыктыр.
Ав. Со