Чуй облусу Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жол айылынын Ак-Чий участкасынын ынтымактуу эли түп көтөрүлө чыгып, “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмесинин өнөктөштөрү жана айыл өкмөттүн колдоосу менен көптөн бери көздөп жүргөн узундугу 2 чакырым автоунаа өтүүчү жолду ашар ыкмасы менен курууда. Анан дагы Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет айыл жеринде жаңы технология менен топурак жолго атайын тор төшөлүп жол салынууда. Жолго төшөлгөн тор топурактын жылышына жол бербей, шагылды жылдырбай кармап турат. Күн жылмайып жылуу турса жакынкы күндөрү куруу иштери бүтөт деп турушат.
2023-жылдын ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында жыл сайын өтүүчү “Сэмаыль Ундонг” лидерлеринин форуму болуп өттү. Корея Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери, дипломатиялык өкүлдөрдүн катышуусунда болуп өткөн бул форумга Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү жалпы 40тан ашык Сэмаыль Ундонг кыймылынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз тараптан чакырылгандардын ичинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги, “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмесинин төрагасы А.Жакыпов жана Кыргызстандагы Сэмаыль Ундонг”кыймылынын башка жамааттарынын лидерлери болду. Форумда өз ара кызматташуу маселелери, дүйнөдөгү Сэмаыль Ундонг кыймылынын ишмерд
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн "Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы" коомдук бирикмесинин төрагасы Жакыпов Асуан Кыргыз Республикасынын "Даңк" медалы менен сыйланды.
Ысык-Көл облусунун Тоң айылында жайгашкан Жон жаңы конушунун ар бир үйүнө ашар ыкмасы менен таза суу келип жетти. Жаңы конуш түптөлгөндөн бери таза суу маселеси сап башында болуп, күнүмдүк жашоого көйгөй жаратып келген. Жаңы айыл кыймылынын Тоң районундагы алдыңкы лидерлери Айткул Байтурова эжекебиз жана Бактыбек Шайымбеков баш болгон жергиликтүү жамааттын ынтымагы, курулуш материалдарына колдоо көрсөткөн өнөктөштүн жардамы жана ушул долбоорго ар тараптуу колдоо көрсөтүп, электр мамычаларын орнотуп берген жергиликтүү бийлик жетекчилигинин жеке аракеттери, биримдиги аркылуу көптөн күткөн суу маселеси чечилди. Натыйжада ашар ыкмасы аркылуу 2 500 метр суу түтүкчөсү тартылып, 30м³ резер
Жаз мезгили - жаратылыштын жаңырып, көрктөнүп, кулпуруп турган кезин эске салат. Жаз менен кошо Жаңы айыл кыймылынын региондордогу лидерлери да жергиликтүү жамаат менен бирге ишембилик, ашар аркылуу арык тазалоо, бак отургузуу сыяктуу жумуштарын улантуудо. Атай кетсек: Ош облусундагы Жаңы-Алай айылынын жаштары өздөрү демилге көтөрүп балдар үчүн “Жаштык паркын” куруп, керектелүүчү шаймандарын отургузуп атышат. Каражатты айылдык фондтон жана эмгек мигранттары колдоого алышты. Чүй облусундагы Лесное айылынын аялдар жамааты өздөрү ыктыярдуу түрдө каражат топтошуп айылдагы бала бакчага гүл отургузуп, айланасын тазартып, ирээтке келтүрүүдө. Ысык-Көл облусундагы Тоң айылынын жамааты, же
Ушул жылдын 15-февраль күнү, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev , мамлекеттик структуралардын жетекчилери жана “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмесинин төрагасы Жакыпов Асуан баш болгон топ менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чже мырзанын Korean Embassy Kyrgyz жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда 2022-жылы аткарылган кыргыз-корей биргелешкен долбоорлорунун жыйынтыктары жана үстүбүздөгү 2023-жылга карата Корея тараптан каралып жаткан жалпы долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев, кыргыз-корея эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү - биздин өлк