Курма - ысык климаттуу өлкөлөрдө өсүүчү пальма түркүмүндөгү өсүмдүк. Май айынын башында байлаган мөмөсү август айында бышат. Мөмөсү ширелүү, ичинде данеги бар. Курма мөмөсү жогорку категориядагы азык жана көп ооруларга дары катары колдонулат.
Куранда: Курма тууралуу Куранда бир канча жерде айтылган. Мисалы: Марьям энебиз Иса пайгамбарга бой кат болуп, төрөөчү мезгили келгенде курма дарагынын алдында төрөйт. Бул туурасында Куранда минтип айтылган: “Ал кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды. Анан, катуу толгоо азабы аны бийик жердеги курма дарагына алып келди. Ошол жерде төрөгөн соң ачкалыктан, суусагандан жана адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп: “Оо, кана эми, ушуга чейин эле өлүп кал