Бир туугандай бизге бирөө күйөбү?
Бир туугандай бизди бирөө сүйөбү?
Башкалардан өзгөчөөрөк сезет эх.
Мүшкүлүңдү, бир туугандын жүрөгү.
Бир туугандын керемети ушунда.
Кыйын кезде, пайда болот тушуңда.
Бир тууганга капа болуп жүргөгдөр.
Бачымыраак мына ушуну түшүнсө.
Карындаштар менде да бар, алтындай.
Күмүш, акак, бүт ааламдай ал тургай.
Колдон келсе берээр элем, дүйнөнүн.
Бүтүн - бүтүн жакшылыгын калтырбай.
Азап күндө таштабаган бир тууган.
Жаман жака баштабаган бир тууган.
Жалгыз эле бир туугандын баркына.
Жеталбастыр керек болсо миң тууган.
Оорусам да, чаалыксам да мен - менен.
Карындаштар, өмүр менен теңме - тең.
Мына ушундай тирөөчтөр турганда.
Бул дүйнөдө корк