Трмушка чыгуучу кыздарга кеңештер Ынтымакта жашоо үчүн эркек үчүн дагы, аял үчүн дагы сабыр керек. Ынтымакта жашоо үчүн кыйынчылыктарга чыдап, «меники туура» дебеш керек, бул ынтымаксыздыкка жол ачат. Тажрыйбалуу мусулман бир эненин кылымдар мурда кызына айткан насааты: Туулуп өскөн, жылдар бою ичинде жашаган бир уядан чыгып, чоочун жерге барасың, сен али табият-мүнөзүн жакшы биле элек бир адам менен жашайсың. Сен ага жер бол, ал сага асман болсун. Сен ага үй бол, ал болсо үйдүн тиреги болсун. Сен ага күң бол, ал сага кул болсун. Сүйүүсүн азайтпооң үчүн ага кыйынчылык тарттырба. Сени унутпоосу үчүн андан узак калба! Сенден башкасын көрбөөсү үчүн, сенден башканын жытын албоосу үчүн анын көзүн