***
Сен мага эсен тур деп бата бердиң,
Жок болуп кайра таңдай ата бердиң.
Жүрөктүн түпкүрүнөн оргуп чыккан,
Эң муңдуу ырым болуп кала бердиң.
Арген Султанбеков
1)
***
Таза шаар атап алып, ал үмүт актай элек,
Тебелеп көчөлөрүн чоочун эл батпай келет.
Унутуп кыргыз духун, көр дүйнө издеп эле,
Бу шаарда күн өтүүдө мезгилим какшай берет.
Сатылып баары азыр, таң калбай калган элим,
Баарысын "модалашып" кескилеп этек, жеңин.
Чаң чыккан узун жолдо унаалар шуу-шуу этет,
Ортодо кайыр сурайт мезгилден калган жетим.
Арген Султанбеков
2)
***
Кечкеним баткак,
Келатам аттап.
Кыш кетпей дале,
Жаз күтүп жатсак.
Жамынып тонду,
Жан үшүп тоңду.
Кеч келсе мейли,
Жаз келсе болду.
Арген Султанбеков
3)
***
Жолумдан чыгып панарым,
Ачыла түштү кабагым.
Сен мени антип караба,
Өтө эле начар абалым.
Жагымдуу жанга көрүнөт,
Кыш менен кошо жамалың.
Сагыныч катын жазбай тур,
Жакында кайтып барамын.
Арген Султанбеков