Бул китеп кана мага окшош жалкоо студенттерди да окутуп жиберет экен.
Бул, "ТРнын Президентине карашатуу Улуттук/Элдик китепкана" 2020-жылдын 22-февраль күнү ачылган. Китепкананын жабык аянты 125 миң чарчы метрди түзүп, бир эле учурда 5 миң адамды тейлей алат. Китепканада 4 миллион басма, 120 миллиондон ашык электрондук басылмалар, 550 миң электрондук китептер жана сейрек кездешүүчү эмгектер бар.
Мындан сырткары электрондук форматта жүздөн ашык өлкөдөн 134 тилде басылып чыккан китептер, 120 миллион макала жана докладдар бар. Китеп текчелери 201 чакырымга созулат .
Ош көп улуттуу шаар. 150 миңдин айланасында шайлоочу бар экен. Алардын 50 миңин башка улуттар (басымдуусу өзбек улуту) түзөт. Шайлоого 60 миңден ашуун шайлоочу катышыптыр. Булардын ичинен да көпчүлүгү, дээрлик 30-40 миңи башка улуттар. Оштогу туугандарды билесиздер, "раис бува" кимди айтса 100% ашуну (бийликти) шайлашат. Анткени ачык да жашыруун да, кызылы да карасы да башка улуттун лидерлерлерине кысым көрсөтөт. Натыйжада туугандардын лидерлери "бийликчил партияны шайлайбыз" деп "хаммасига" айтат. Мына ошентип Оштогу шайлоонун жыйынтыгына түздөн-түз таасир этип жатышат. Ошондуктан карапайымдар күткөндөй натыйжа болбой келет. Же биз же туугандар оңолмоюнча Ошто таза шайлоо өтпөйт.
(Анан ЖО