Урматтуу кыргызстандыктар!
Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталды. Кудай буюрса, эки жылдан кийин ачылышын жасайбыз.
Жалпысынан 22 адис архитектуралык бөлүмдө иштеп жатат
(12 адам – Түркиядан, 10 адам – Кыргызстандан).
Инженер- электриктер бөлүмүндө – 7 адис.
(4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан).
Инженердик ички коммуникациялар, желдетүү жана өрткө каршы тутум бөлүмүндө – 7 адис.
(ОВиК ВК жана АПТ)
(4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан).
Инженер-конструктор – 12 адис
(7 адам – Түркиядан, 5 адам – Кыргызстандан).
Консультациялык топ – 6 адис
(3 адам – Англиядан, 3 адам – Түркиядан).
Бул стадион эмнеси менен уникалдуу?
Бишкек шаарыбыздын Горький көчөсүндө жайгашкан Э. Гареев атындагы бакты шаардын тургундары үчүн эс алуучу сейил бак кылып ачтык.
Келип бала-чакаңыздар менен эс алып кетип турсаңыздар болот. Баардык шарттар түзүлгөн.
Көчөттөр менен гүлдөрдүн түрлөрү сатылат. Каалаган көчөттөрдү сатып алсаңыздар болот.
“Жашыл мурас” аттуу демилгемди колдоп, ар жылы жаз айларында көчөт олтургузуңуздар.
Жашыл өлкөгө айланалы.
***
Ботанический сад им. Э.Гареева, находящийся по улице Горького в Бишкеке открыт для отдыха жителей города.
Можете посетить парк с детьми. Для этого созданы все условия.
Продаются разные виды саженцев и цветов. Вы можете их купить.
Поддержите мою инициативу «Жашыл Мурас»
«Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар»?,- дейт Баткендик туугандар.
Долбоору жасалып башталды.
Эмдиги жылдын бюджетине киргизилип, жаздын алды менен иш башталат.
Бирок тилекке каршы бир тилкелүү эле жол болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, аскалуу жерлери бар экен.
Кулап кетүү коркунучу бар.
Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн “чөнтөкчөлөр” жасалат.
Азырынча “Жоктон көрө жогору дегендей” бир тилкелүү жол салып туралы.
Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл.
*****
«Зачем тебе в Зардалы, если нет важного дела», - говорят баткенцы.
Готовится проект.
Он будет включен в бюджет следующег
Урматтуу кыргызстандыктар!
Көпчүлүктү, өкмөттүк эмес уюмдарды жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрүн кызыктырган мыйзамга кол койдум.
Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү мага кайрылышып,
бул мыйзамга кол коюудан баш тартуумду суранышкан.
Эмне үчүн?
Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен.
Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин
"Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт" деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.
Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө.
Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк.
Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй- бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак-жай беребиз.
Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбо
Өлкөнүн келечеги деп көкүрөктү эзген кыял ишке ашты - эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум.
Азыркы ааламдашуу маалында ички стабилдүүлүккө, улуттук ынтымакка умтулган өлкөлөр гана өнүгүү жолуна түшүп, кубаттуу мамлекеттерге айланган учур. Тээ учурунда улуу дөөлөттөрдү жараткан, Евразия мейкиндигин ээлеп жаткан байыркы кыргыз эли азыр кандай абалда? Ынтымак жоктуктун, бийлик талашмайдын айынан илгерки империябызды жоготуп, Орто Азиянын бир кычыгында калып бараткандайбыз. Ооба, көз карандысыз өлкө деп жар салганыбыз менен өнүгүү жолубуз эмне кечеңдеп келет? Мындай соболдорду кое берсек, биринин артынан бири суроо жарала берчүдө