Жараткан аял менен эркекти бул дүйнөгө бир бүтүн, эриш-аркак кылып жараткан экен. «Аялдын бейиши эркектин таманынын астында» деген сөздө айтылгандай, аял бактылуу болом десе өмүрлүк жолдошуна баш ийип, анын бакытты сезүүсүнө көмөкчү болушу керек. Ал эми үй-бүлөгө бакыт уялап туруусу үчүн аялзаты өзүнүн милдеттерин так билүүсү кажет. Ошондуктан, бул жолу дин маселесине, диндеги аялдардын ордуна кайрылууну туура көрдүк.
Пайгамбарыбыз САВ айтты: «Күйөөсүн сүйүүчү, көп бала төрөөчү. Эгер анын күйөөсүнүн ачуусу келсе же ага бир жаман сөз айтса же ага күйөөсү нааразы болуп калса, анда ал күйөөсүн ыраазы кылуу үчүн «Менин колум сиздин колуңузда, сиз ыраазы болмоюнча мен уктабайм» десе бул аял бейи