"
Абдышукур ажы Нарматов
Аббасийлердин доорунда Харун Рашид падыша болуп турган учур.
Күндөрдүн биринде Харун Рашид жолдо баратып, өзүн маскарапоз кылып көрсөткөн жинди кишинин, кабырдын жанында отурганын көрүп калып: "О, маскарапоз, жинди! качан акылыңа келесин?" - деп, одонолук менен суроо узатат.
Жинди киши ордунан секирип турат да, дарактын эң жогорку бутагына чыгып алып: "О, Харун! О, жинди! Качан акылыңа келесин?"- деп, катуу кыйкырат.
Харун Рашид аты менен дарактын түбүнө келип: "Кабырдын жанында отурган сен жиндиби, же мен жиндиби?"- деп, суроо узатат.
Жинди киши: "Мен акылдуумун" - деп, жооп кайтарат.
Харун Рашид: "Эмне үчүн акылдуумун?" - деп, жатасын дейт. Жинди киши Харун Рашидтин кан сарайын көрсөтүп: "Мен сенин тиги сарайыңдын жок болорун, жана бул кабырдын жок болбой каларын билем. Сен кабырыңдан мурда сарай курдуң, а мен болсо сарайдан мурда кабырымды курдум. Ажал келип бул жашоо менен кош айтышарыңды билсең да, кабырдан сарайыңды артык көрөсүң. Кабырга келгиң келбейт, бирок өз аягың менен келбесең, сени элдер алып келишет. Эми айтчы: "Сенин оюңча кимибиз жинди?" - деп, суроо берет.
Харун Рашид бул сөздөрдөн таасирленип, ыйлап баштайт. Көзүнөн аккан жаш сакалын суулап, көпкө чейин ыйын баса албай туруп калат. Ыйын басып алган соң: "Аллага ант! Сен туура айтасың, сен жинди эмессин. Мага насаат айт" - деп суранат.
Маскарапоз: "Алланын китеби Куранды бекем карма, Ага амал кылып жаша, сага ошол жетиштүү болот" - дейт. Харун Рашид: "О, маскарапоз! Эмне кажетиң бар сура! Каалаган нерселериңди берем" - дейт. Маскарапоз: "Үч кажетим бар, эгер ошолорду орундатсаң ыраазы болоор элем сага" - дейт.
Падыша: "Сура! Орундатам" - дейт. Маскарапоз: "Өмүрүмдү узартып бер" - деп суранат.
Падыша: "Ал менин колумдан келбейт" - дейт.
Маскарапоз: "Анда өлүм периштеси жанымды алаар кезде, мени алардан сактап кал!" - дейт.
Падыша: "Колумдан келбейт"- дейт. Маскарапоз: "Мени тозоктон сактап калып, бейишке киргиз!" - дейт.
Харун Рашид: "Ал да колумдан келбейт - дейт.
Маскарапоз: "О, Харун Рашид! ушулардын бирөөсүн да аткара албасаң анда сен кулсун, падыша эмессин! Менин сенде эч кандай кажетим жок, бардык кажеттеримди берүүчү Алла Таала мага жетиштүү" - деп кете берет.
Жуктогон-Эрназар Таштанбаев.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2