АНДА....
Геморрой (көк баш) -көк кан тамырларынын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. Ал сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы геморрой сырткы көк кан тамырларын, ал эми ички геморрой ички көк кан тамырларын кеңейишинен пайда болот.
Геморрой көк кан тамырлардын тубаса начардыгынан, көк кан тамырларында кандын начар айланышынан болот. Ага ичтин катышы, көтөн чучуктун түрдүү шишиктер, боюнда бар кезде жатындын кысуусу, жатындын туура эмес жайгашуусу, көпкө олтуруп иштөө, ар кандай спирт ичкиликтерин, өтө ачуу тамактарды ичүү жана башка түрткү берет.
Геморрой менен орто жаштагы жана улгайган адамдар көп ооруйт, айрыкча эркектер жапа чегет, чанда жаштарда да кезигет. Көп учурда ал акырындык менен өөрчүп, адегенде көйгөйлүү жердин тегереги кычышат, кээде ооруйт, ич катып, жагымсыз сезим пайда болот. Бул белгилер бир нече айдан бир нече жылга чейин созулуп, спирт ичкиликтерин жана ачуу тамак ичкенде күчөйт. Кийинчерээк кан агат (заңда кан тамчылары болот). Натыйжада оорулуу көп кан жоготуп, аз кандуулук өөрчүшү ыктымал.
Геморрой эгерде геморрой түйүн чөлөрдүн бүтөлүшүнөн жана сезгенишинен кабылдап кетсе өтө катуу ооруйт, дене ысыйт, ич катат. Оору кабылдап кеткенде сезгенүү анын тегерегиндеги клетчаткаларга жайылып кетиши ыктымал.
Геморрой - мезгили менен кармап туруучу өнөкөт оору. Сезгенбей турган мезгилде оорулуу өзүн жакшы сезет. Оору өтүшүп кеткенде тез-тез кармап, бат-бат көп кан агат. Ички түйүнчөлөр сыртка чыгып же кысылып калганда өтө катуу ооруйт. Түйүнчөлөр көгөрүп, кээде карарып, катууланат. Түйүнчөлөр чыгып калганда кайра киргизүүгө аракеттенүүгө болбойт, себеби ал көп кан агууга жана оор кабылдоого алып келиши мүмкүн.
Ооруну пайда кылган себептерге карата дарылоо жүргүзүлөт. Анын натыйжасы оорунун абалына, врачка өз убагында кайрылгандыгына, анын көрсөтмөлөрүн толук аткарышына жараша болот. Жогору атылма муздак душ, мөмө-жемиштүү диета сунуш кылынат. Убагы менен заңдоонун мааниси чоң. Күчөп кеткен учурда хирургиялык операция жасалат.
Геморройду алдын алууда түрткү берүүчү себептерди четтетүү, биринчиден ичти катырбоо керек. Бала чактан өздүк гигиенаны сактоого, ар бир заңдаган сайын жуунууга үйрөтүү зарыл. Аз кыймылдуу иште иштегендердин гимнастика жасагандары максатка ылайык: туруп иштегендер (дүкөнчү, чач тарач) көнүгүүлөрдү отуруп, ал эми отуруп иштегендер туруп же басып жасоочу көнүгүүлөрдү жасоо керек. Геморройдун биринчи белгилери байкалгандарга врач айыктыруучу гимнастика сунуш кылат.
Мындан сырткары....
Ич катуунун себептерине негизинен жоон ичегинин иштөө функциясынын начарлашынан келип чыгат. Ага өбөлгө түзгөн себептер: - Инсульт - Мээдеги кан айлануунун бузулушу - Депрессия - Айыз циклинин бузулушу - Семирүү - Кант диабети - Ашказан жарасы - Жоон ичегинин шишиги - Чат булчуңдарынын функцияларын жоготушу - Ашыкча тоюп алуу - Кыймыл-аракеттин аздыгы
Ич катуунун белгилери:
Ашказандын оорушу - Табиттин жоголушу - Баш оору, жүрөк айлануу - Ооздун жагымсыз жыттанышы - Зарна - Ичтин көбүшү - Уйкусуздук.
Геморройду толук айыктырса болот
Геморрой - бул көтөн чучуктун чыга беришиндеги кан тамырлардын кеңейип кетүүсүнөн келип чыккан илдет. Бул ооруну адамдар илгерки Гиппократтын убагында, тагыраак айтканда б.э.ч. I - II- кылымдарда эле билишкен. Геморрой деген сөз гректин сөзүнөн алганда "Гемморагия" - кан агуу дегенди билдирет. Азыркы медицинада бул оорунун кайсыл даражасын кандай жолдор менен дарылоо керектиги толугу менен изилденген жана аны толугу менен айыктырса болот.
Геморройдун белгилери
Көпчүлүк убакта пайда болгону билинбей калат. Адатта геморройду чоң заарага барып, көчүгүнөн кан агып баштаганда байкашат. Кээ бир убактарда ачышкан-кычышкан сыяктуу белгилерден байкалат. Бирок, көбүнчө адамдар буга маани бербей жүрө беришет. Анан акырындык менен геморройдун түйүндөрү чоңоюп, чоң заарага барганда сыртка түйрүлүп чыга баштайт. Негизинен геморрой оорусунун 4 даражасы бар. Төртөөндө тең кан агышы да, акпашы да мүмкүн.
1. Геморрой түйүндөрү сыртка чыкпайт. Кичине кычышып, ачышкан белгилер байкалат.
2. Геморрой түйүндөрү чоң заарага барганда сыртка чыгып, өйдө турганда кирип кетет.
3. Геморрой түйүндөрү чоң заарага барганда сыртка чыгып, бирок, өзү кирбейт. Кол менентүртүп киргизишет.
4. Адам басып жүрсө деле геморрой түйүндөрү сыртка чыгып кетет.
Дарылоо: ФОРЕВЕР АЛОЭ ВЕРА дарылары менен дарыласаңыздар жакшы жыйынтык берип бул оорудан арыласыздар. Бул оору менен жапа чегип кыйналып келсеңиздер төмөндөгү дарекке кайрылыңыздар!!!
WhatsApp +996(702)995950

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев