Отуз жыл орозо кармаган адам кудук башына келип, суу алып ичүү үчүн кезекке турат. Кезектин узундугуна, эртеден кечке орозо болуп чаңкагандыгына карабастан сабыр кылып, акырындык менен алга жылып отурат.Ошол учурда бир адам арт жактан:
- Мен бүгүн орозо кармаганмын! Кезек бергиле! Суусап чыдабай калдым ! - деп кыйкырып, ызы-чуу салып адамдарды аралап алдыга жүткүнүп калат. Адамдардын бири ыраазы болсо,бири нааразы болуп аны алдыга өткөрө башташат. Ошондо жанатан бери сабыр кылып, унчукпай турган,отуз жыл орозо кармаган киши:
- Ой, эмне кыйкырасын! Эгер орозо кармаганга жол бошотуш керек болсо, анда отуз жылдан бери орозо кармап келе жаткан мен биринчи алышым керек эмеспи? Сен бир